Кыргызстанда 20-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 27 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 270 адамга жетти.

Жаны учурлар:

  • Бишкек шаарында — 4;
  • Чуй облусу — 1;
  • Ош облусу — 2;
  • Нарын облусу — 19;
  • Ысык-Көл облусу — 1.

Жылпы саны 1270 болду.