Бир күн ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, бир күн ичинде 3 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

«Жалпысынан республика боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган 266 учур катталды. Алардын ичинен 221 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.