Учурдагы кырдаалга байланыштуу мечиттер жабык. Ошого карабастан 19-майдан 20-майга чейин караган түнү кадыр кечеси өзгөчө белгиленди. Алсак, «7-канал» жана “Элтр” телеканалдары аркылу 7 облустун башын бириктирип, атайын телемост түз эфир уюштурулду.

Анда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев баш болуп, ар бир облустун казылары саат 22:00дөн таңкы саат 4:00 гө чейин түз баяндарын жасашып, элдин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Ал эми КМДБнын маалымат бөлүмүн тарабынан өзүнүн соцтармактагы каналдары (Ютуб, Инстаграм, Фейсбук)  аркылуу дагы түз эфир уюштурулуп, дин аалымдары кезек-кезеги менен элди ынтымакка, биримдикке жана адептүүлүккө чакырышты. Куран аяттары окулуп, мамлекеттин тынчтыгына, бекемдигине жана элибиздин амандыгын тилеп дубаларды кылышты.