Лейлек районунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери COVID-19 илдетин алдын алуу жана анын жайылып кетпөөсүнүн алдын алып, өзгөчө кырдаал режими бүткөнгө чейин иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо максатында кызматтык унааларга үн чыгаруучу каражаттар менен санитардык эрежелердин нормаларын сактоо, жөнү жок унаа башкарып көчөгө чыкпоо ошондой эле такси кызматтары 2ден ашык адам албоого боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Мындай түшүндүрүү иштерин райондогу ар бир айылдарда жүргүнчү ташыган менчик автоунаалардын айдоочуларына да кылдаттык менен түшүндүрүлүп, айдаган автоунааларынын туткаларын, отургучтарын дезинфекциялоо жагы байма-бай эскертилүүдө. Ошондой эле ар бир айдоочуларга эпидемиянын санитардык эрежелеринин нормаларын сактоо боюнча атайын ЭСКЕРТМЕЛЕР даярдалып, таркатылды.