Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карады.

Жыйында мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Закир Шарапов Монреаль протоколуна киргизилип жаткан түзөтүүлөр гидрофторуглероддорду керектөөнү төмөндөтүүгө, аларды муздатуучу тутумдарда жана климаттык жабдууларда колдонуудан улам курчап турган чөйрөгө зыянды жоюуга, төмөн температура техникасынын рыногун ак ниетсиз импорттоочулардын ишинен коргоого жана көрсөтүлгөн заттарды жүгүртүүдө административдик бөгөттөрдү күчөтүүгө багытталганын маалымдады.   

Талкуу маалында депутат Махабат Мавлянова жаратылышты коргоо кызматтарын борбор калаанын, жалпы эле өлкөнүн абасынын булгануу себептерин аныктоого чакырып, көйгөй кышында гана эмес, жайында да курч бойдон калып жатканына токтолду.

Андан тышкары, өндүрүш мекемелеринде зыяндуу заттардын отун катары пайдаланышы абанын булгануусунун бир фактору экенин белгилеген эл өкүлү Мамлекеттик экотехинспекцияны экологиялык коопсуздукка көзөмөлдү күчөтүү менен жогорку технологиядагы чыпкалоочу жабдууларды орнотуу маселесине көңүл бурууга үндөдү.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин өкүлү абанын булганышынын негизги булагы болуп автоунаа каражаттары, жеке секторлор, мончо жана турак-үйлөр эсептелерин кошумчалады.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.