Бүгүн, 20-майда Бишкектин вице-мэри Азиз Алымкулов билдиргендей, ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө мурдагыдай эле тыюу салынат, булар:

-маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эстелик иш-чараларын өткөрүү;
— Көңүл ачуучу мекемелердин иши;
— балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын иши;
-интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайлардын ишмердиги;
— мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү уюмдардын иши.

Эскертке кетсек, 21-майдан тарта Бишкек шаарынын аймагында төмөнкү мекемелерге, соода-түйүндөрдүн иштешине уруксат берген.

Алар:

  • бардык тармактар боюнча калкты тейлөө борборлору;
  • автоунааларды каттоо борборлору;
  • тиричилик буюмдарын оңдоо (бут кийим, саат оңдоо сыяктуу);
  • эмерек чогултуу жана оңдоо;
  • соода борборлору (андагы балдар ойноочу, тамактануу жана көңүл ачуу жайлары иштебей турат);
  • азык-түлүккө кирбеген товарларды сатуучу түйүндөр;
  • автоунаа базарлары;
  • мал базарлары;
  • менчик, чакан мончолор, СПА-борборлор;
  • мейманканалардын ишмердүүлүгү (бассейн жана спорт залдары иштебейт).

Мында ишин жанданткан мекеме-уюмдарда талаптардын сакталышы текшерилип турмакчы.