Эртең, 21-майдан тарта бир катар соода-түйүндөрү, калкты тейлөө кызматтары ишин баштайт. Анда соода борборлору жана базарлар үчүн талаптардын аткарылышы боюнча жоопкерчиликти администрация тартат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

«Соода борборлорунун, дүкөндөрдүн администрациясы ал жакка келгендердин дене табын ченөөсү жана келгендер үчүн 1,5 -2 метр аралыкты сактоону камсыз кылышы керек. Соода түйүндөрү байланышта болбогон термометр жана антисептикалык каражаттар менен жабдылууга тийиш», — деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 21-майдан тарта бир катар ишканалар ишин жандантууга уруксат берилген.

  • бардык тармактар боюнча калкты тейлөө борборлору;
  • автоунааларды каттоо борборлору;
  • тиричилик буюмдарын оңдоо (бут кийим, саат оңдоо сыяктуу);
  • эмерек чогултуу жана оңдоо;
  • соода борборлору (андагы балдар ойноочу, тамактануу жана көңүл ачуу жайлары иштебей турат);
  • азык-түлүккө кирбеген товарларды сатуучу түйүндөр;
  • автоунаа базарлары;
  • мал базарлары;
  • менчик, чакан мончолор, СПА-борборлор;
  • мейманканалардын ишмердүүлүгү (бассейн жана спорт залдары иштебейт).