Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн эки тургунунан кечээ, 18-майда коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Бүгүн, 19-майга карата Кыргызстанда дагы 27 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1243 адамга жетти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эки тургун Россияда каза болгон тууганынын сөөгүн алып келишкен. Посттордун биринен анализ тапшырышкан, бирок ал жактан анализдеринин жыйынтыгы чыга электе эле өткөрүп жиберишкен. Анализдеринин жыйынтыгы эртеси чыгып, коронавирус аныкталган.

Россияда каза болгон маркумду акыркы сапарга узатууга 60 чакты адам чогулган. Алардын баары үй карантинге алынды.

Маалыматты Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктап, аларды чек арадагы постто текшергендерге кызматтык иликтөө жүргүзүү сунушталганын билдирди.

=========================

Коронавирус жуктурган бейтаптардын аймактардагы саны:

— Жалал-Абад облусунда – 154;

— Ош облусунда – 195;

— Ош шаарында – 124;

— Чүй облусунда – 104 + 104 адам Соль-Илецк шаарынан келгендер;

— Бишкек шаарында – 316 + Санкт-Петербургдан келген 14 адам, курсанттар;

— Баткен облусунда – 25;

— Нарын облусунда – 194;

— Ысык-Көл облусунда – 13.

Булак: Турмуш.кг