«Ала ТВ» 200 мГц жыштыгы менен кошо «Билайн» компаниясына жакында эле арзыбаган акчага сатылган. Мындагы коррупциялык иштерден казынага бери дегенде 5 млрд сом түшпөй калды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул иштерге тиешеси болсо, анын жоопкерчилиги каралышы керек, — деп билдирүү жасады бүгүн депутат Жанар Акаев.

Эл өкүлүнүн айтымында, «Ала ТВнын» жыштыгы телевизиондук кабелге гана ыңгайлашкан. Бирок ошол жыштык «Билайн» мобилдик операторуна 1 млн 800 миң долларга сатылды.

«Билайн» биздин Мамлекеттик байланыш агенттиги аркылуу ошол ТВга деп багытталган 200 мГц жыштыкты мобилдик операторго интернетке тууралап, кайра каттоо жасады. Бул жерде чоң маселе болуп жатат. Буга чейин Темир Сариев премьер болуп турганда 15 мГц жыштык 1,5 млрд сомго же 25 млн долларга сатылган. Аукцион, сынактар өткөн. Азыркы премьердин тушунда 200 мГц бекер кетип жатат», — дейт Акаев.

Депутаттын колуна тийген документке ылайык, Байланыш мамлекеттик комитети жашыруун кат менен бул аракеттердин мыйзамсыздыгын өкмөткө эскерткен.

«Бул кайра каттоо келишими мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келет. Казынага миллиарддаган акча зыян болот, бул жыштыктан казынанын чоң кемтигин жапсак болмок. Андыктан биз мындай кадамга барбашыбыз керек», — деп кат жазышкан. Ошого карабай мыйзамды бузуп, эч кандай аукцион кылбай туруп, булар казакстандык компанияга өткөрүп берип жатышат«, — деди депутат.