Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургундары митингке чыгышты. Бул тууралуу мааламатты Жерге-Тал айылынын тургуну Мундуз Нурланбек уулу билдирди.

Анын айтымында, Жерге-Тал айылына тиешелүү Кумбел жайлоосун өкмөт башчы Мухамбеткалый Абылгазиев Кочкор районуна 10 жылга чейин берип салгандыгы чуу жараткан.

Себеби Жерге-Тал айл аймагындагы эл ошол жайлоо аркылуу жан сактап келишет жай мезгилинде мал багып жайлоону жайыт катары колдонушат.

«Учурда айыл тургундары жана аксакал карылар Кумбел жайлоосуна кеткен жолду тосуп нааразычылык билдиришүүдө. Өкмөт мүчөлөрү бул нааразычылыка көңүл бурбаса президент Сооронбай Жээнбековко кайрылабыз дешүүдө. Айыл жаштары жана чабандар өкмөттөн калыс чечим кылып Кумбел жайлоосун айылга кайрып берүүсүн суранышууда. Эгер Кумбел жайлоосун Кочкор районуна берилип кетсе Жерге-Тал айылынын тургундары кайда жайлап мал жанын кайда алпарып багаарын билишпей нааразы болушууда»,-деди Мундуз Нурланбек уулу.