Бүгүн, 20-майда Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды.

Өлкөдөгү коррупцияга каршы багытталган чаралар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө жана экономиканын тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу боюнча пландуу иштерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мамлекеттик органдардагы коррупциялык тобокелдиктердин жаралышына өбөлгө боло турган көрүнүштөрдүн бардыгын толук жок кылганда гана коррупциянын азайгандыгы жана мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу кеп кыла алабыз. Антикоррупциялык заманбап механизмдерди ишке киргизүү жана аларды дайыма колдонуу иштери токтоп калбашы керек. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн так иштелип чыккан бир бүтүн тутуму гана бул зыяндуу көрүнүштөн арылууга жардам берет», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга аралашкандардын бардыгы ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендиктерине карабастан, тийиштүү жазасын алышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы чечимин ишке ашыруунун алкагында Коопсуздук кеңешинин катчылыгы көз карандысыз серепчилер менен тыгыз кызматташтыкта Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жок кылуу боюнча 2020-2024-жылдарга карата жаңы Мамлекеттик стратегиясынын болжолдуу жумушчу долбоорун иштеп чыккандыгы тууралуу билдирди.

Аталган долбоор 2020-жылдын 11-майында ишке тартылган бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Башкы прокуратуранын жана Жогорку Соттун кароосуна жиберилген.

«Стратегиянын иштелип чыккан долбоору бүгүнкү күндүн чакырыктарына жана коркунучтарына жооп берет, мамлекеттик органдардагы бардык коррупциялык көрүнүштөр менен системдүү күрөшүүгө багытталган жаңы антикоррупциялык механизмдерди иштеп чыгууну жана киргизүүнү караштырат. Ал өлкөнүн антикоррупциялык тийиштүү саясатын күчтөндүргөн бир катар жаңы тартиптерди эске алат», — деди Дамир Сагынбаев.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчысы декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу максатында 2019-жылдын ноябрынан тарта «Кыргыз Республикасынын „Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды убактылуу ээлеген же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгашаларын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тууралуу“ 2017-жылдын 2-августундагы № 164 мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу багытында иш жүргөндүгүн кошумчалады.

Бул мыйзам долбоору антикоррупциялык жаңы иштиктүү механизмдерди киргизет, бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашалары менен кирешелерин көзөмөлдөөнү кыйла катаалдаштырат. Бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн негиздерди экиден сегизге чейин көбөйтүү каралууда.