Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 2020-жылдын март – июнь айларындагы салык мезгили үчүн ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында салык милдеттенмелерин өз учурунда аткарбагандык үчүн салык төлөөчүнүн өздүк эсеп  карточкасына салык санкциясын жана туумдарды автоматташтырылган режимде колдонбоо боюнча маалыматтык системаны оптималдаштырды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматынын маалыматтык системасы Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 “Ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын аткаруунун алкагында оптималдаштырылды.

Аталган Мыйзамга ылайык салык төлөөчүлөрдүн ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында 2020-жылдын март-июнь айларындагы салык мезгили үчүн салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салык санкциялары жана туумдар колдонулбайт.