Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев Белоруссияда коронавирус илдетине кабылганы тууралуу 24.kg  маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  Жаныш Бакиевдин үй-бүлөсү коронавирус илдетине кабылып, 1-майда Минскидеги  инфекциялык ооруканага жаткырылганы айтылат.

“Коронавируска кабылган Бакиевдердин үй-бүлөсү  кечээ эле ооруканадан чыгарылган, учурда алардын ден-соолугу жакшы” деп жазылат маалымат берген тарап.

Буга чейин Жаныш Бакиев жана анын бир тууганында COVID-19 илдети аныкталганы тууралуу маалымат тараган эле.

Эскерте кетсек, Жаныш Бакиев 2010-жылдагы революциядан кийин ошол кездеги президент Курманбек Бакиев менен биргеликте үй-бүлөсүн  алып, Белоруссияга качып, ошол жактан башпаанек алышкан.

Ал эми Бакиевдердин үй-бүлөсү Белоруссиянын  президенти Александр Лукашенко менен үй-бүлөлүк мамилеси бар деп айтылат.

Учурда Белоруссияда коронавирус илдетине байланыштуу эч кандай карантинге алынган эмес.

19-майга карата Белоруссияда жуктургандардын саны – 31 528, ал эми көз жумгандардын саны –  175.

Abal.kg