Коом

Мексика менен Кытайда таажы вирусуна окшогон мөндүр жаады

Мексиканын Нуэво-Леон штатында таажы вирус формасындагы өзгөчө мөндүр жааганын 18-майда Daily Mail билдирди деп, Lenta.ru маалымдады. Мөндүрдү өз көзү менен көргөндөр коронавирустун тикенектерине окошош форманы баамдашканын айтышат.

Мындайды мурда көрбөгөн, коркуп кетишкен жергиликтүү эл, бул мөндүрдү эпидемиянын учурунда «Кудай үйдө олтургула деп жиберген белгиси» деп эсептешет. Мөндүрдүн ушундай эле формада жааганын жер шарынын карама-каршы тарабынан да баамдашкан. Twitter пайдалануучу Arlene Lee, 18 – майда Кытайдын Циндао шаарына түшкөн «коронавирус» мөндүрүнүн фотосун өз баракчасына чыгарган.

Бүткүл Дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмдун метеорологу жана консультанты Жозе Мигель Винас, соцжелеге чыккан сүрөттөрдү изилдеп көргөн. Мында эч кандай акылдан тыш эч нерсе жок, дед ал: «катуу штормдардын учурунда ар кайсы чоңдуктагы мөндүрлөр бири-бирине урунушуп, сынып жана кайра жабышып, ар кандай, ойго келбес формаларга айланып калышат,»- деп түшүндүргөн ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button