Баткен облусунда жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан жасалган, бажы биримдигини талаптарына жооп берген, нукура, таза азыктар соода түйүндөрүнөн орун алды.


Алар өрүк скрабы, өрүк талканы, килкилдек, шербет, нукура таттуулар,өрүк токочтор,кургатылган өрүк, данектер.
Баткендик ишкерлердин бул азыктарды өндүрүү технологиясына JICA уюмунун «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун эксперттери жардам берүүдө.


Жергиликтүү ресурстарды пайдаланып, экологиялык жактан таза продуктуларды өндүрүп, Batken Product аталышындагы логотип менен сатыкка чыккан бул азыктар, Бишкек шаарындагы «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун дүкөнүндө да сатылууда.
Учурда жергиликтүү бийлик, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жаш балдарды экологиялык таза азыктар менен тамактандыруу максатында, мектеп, бала бакчаларга сатып алууну пландап жатат.


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бсма сөз кызматы