Бүгүн, 20-майда «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Москвадан Душанбеге Орусияда депортацияланып, бир айдан ашык убакыттан бери атайын жайларда кармалып турган тажикстандык 220 жаран келди. Ушул эле борт менен бир нече тажик мигрантынын сөөгү да жеткирилди.

Эреже боюнча чет өлкөдөн кайткан жарандар эки аптага карантинге алынат. «Азаттыктын» тажик кызматынын өкмөттөгү өз булагы учак менен келген жарандардын арасында аялдар жана балдар бар экенин айтты:

– Атайын жайларда кармалган айрым мигранттардын балдары туугандарыныкында жашап турушкан.

Буга чейин «Тажинфо» сайты чартердик каттам менен Москвадан Душанбеге 28 мигранттын сөөгү салынган табыттар да келерин жазган.

Бул арада Тажикстан ТИМи Коронавирустун жайылышынына каршы туруу боюнча республикалык штаб чет өлкөлөрдөн келе албай жаткан жарандарды кайтаруу боюнча атайын иш ырааты түзүлүп жатканын маалымдады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”