Өмүрбек Бабановду бир топтору коркок саясатчы деген баа берип келишет. Анын мисалы катары төбөсүнө кара булут айлана баштаганда чет жерге кетип калып келбей койгондугун айтышат. Бирок дагы бир саясий иликтөөчүлөрдун баамына караганда Бабановго бир беткей баа берүү абдан кыйын. Анткени анын мүнөзү дагы, жасаган кадамдары дагы бир топ эле татаал фигура.
Мисалы анын “коркоктугун” бизнеси, жыйнаган байлыгы менен да түшүндүрушөт. Анткени өтө катуу кетсе укук коргоо жана текшерүү органдары анын белин оңой мертинте алышат деген да пикирлер бар. Ошондуктан Бабанов опсуз байлыктын ээси катары өтө жана аяр саясат жүргүзуп калганы бекеринен эместир.
Бирок ошол эле учурда Өмүрбек мырзада бийликти, болгондо да эң жогорку тепкичтерди эңсөө психлогиясы да жок эмес дешет. Бабанов бизнесине залака келтирбей туруп саясаттын бийиктигине жүрө алат? Бир топ убакыт мурда ал кыргызстанга келип кетти. Ошондо ал өзү түзгөн партиясынан чыгып: “Мен саясаттан биротоло кеттим, мындан ары бизнес менен алек болом”-деп жарыялап жиберди. Илгертен айтылгандай саясатчыга тил чыныгы оюн жашырыш үчүн берилген деген учкул сөз бар эмеспи. Ошондон улам Өмүрбек Бабановдун саясаттан чындап кеткенине ишенгендер өтө эле аз. Болгону, айрымдардын пикири боюнча, ал терең ойлонуп кадамдарын аныктоо үчүн гана керектүү тыныгуу алды. Ошол учурда саясатчы үчүн татаал шахматтык жүруштөрдү эсептеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кыргызстанда пандемия аяктап, саясий экономикалык өнүгүү калыбына келгенден кийин түрдүү оюндар башталаары турган кеп. Анын үстүнө быйылкы жыл парламенттик шайлоонун мезгили экендиги дагы белгилүү. Балким бекеринен коомчулук арасында Бабанов радикалдуу оппозицияга айланат экен деген сөздөр тарап жатпаган чыгаар. Биз айткан чыныгы саясий жүруштөр башталган кезде Бабановдун анык позициясы ачыкка чыгаарынан шек жок.

Булак: KOMPROMISS.KG