COVID-19 пандемия  учурунда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча ишке ашырылып жаткан саясаты, укуктуктартип органдарынын тутумунда дистанттык иштөө ыкмаларын колдонууну жакшыртууга шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын    11-январындагы “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жана 2020-жылдын 8-январындагы “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы жөнүндө”  Жарлыктарынын талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө санарипттик технологияларды киргизүү боюнча бир катар чаралар көрүлдү. Ошону менен катар, Ички иштер органдарынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн иши да жакшыртылган.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу коюлган чектөөлөр учурунда жумуштун дистанттык ыкмаларды практикалык жактан колдонууга жана ички иштер органдары тарабынан жарандарды заманбап сапаттуу тейлөөнү камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңеши  2019 жана 2020-жылдары ички иштер органдарынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жаңы санариптик ыкмаларды жана технологияларды киргизүү боюнча ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөүчүн жер-жерлерге чыгуу менен отурумдарды өткөрдү.

Мониторинг иретиндеги отурумдардын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Бирдиктүү терезе” тартиби боюнча жарандарды тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгү тууралуу жыйынтыктырынын отчеттору угулуп, “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри (КЖБР)” менен “Бузуулардын бирдиктүү реестрин (ББР)” иштетүүгө киргизүүдө жаралган көйгөйлөр, ЖКККББнын Мониторинг борборунун ишмердүүлүгү, “Коопсуз шаар” бөлүгүн ишке ашыруу жана Бишкек ШИИББнин кайра түзүлгөн Санариптештирилген командалык борбору  жана Санариптик байланыш башкармалыгы  жөнүндө маалыматтар алынды.  

2019-жылдын январь айынан тартып, өлкө башчысы мамлекетти санариптештирүү багытын жарыялаган, андан бери бир жарым жылдай өттү. Бул боюнча, мамлекеттик органдардын ишинин биринчи жыйынтыктарын чыгарууга убактысы келди, аны менен бирге ИИМдин да ишмердүүлүгүндө жаңы санарип технологияларды киргизүүнүн жыйынтыктары чыгарылды.

2020-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Ички ишер органдарын өнүктүрүү стратегиясы ички иштер органдарына коюлган милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатында Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө техникалык каражаттарын заманбапташтыруу, ошондой эле ИИМ тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрүн санариптештирүү болуп саналат.

Азыркы учурда, жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын жана Кыргыз Республикасынын ИИОну өнүктүрүү стратегиясынын талаптарын аткаруу максатында бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө, алар: 

1. Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстерин ишке ашыруу механизмдерин киргизүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. ИИОнун облустук жана райондук түзүмдүк бөлүктөрүндө тергөө амалдарын жүргүзүү бөлмөлөрүн (сурак бөлмөсү) видео көзөмөлдөө каражаттарын, ошондой эле сурактарды видео жазуу жүргүзүү үчүн видеокармера орнотуу каралууда. Аталган бөлмөлөр “Венециялык айнектер” менен жабдыкталат.

Көрсөтүлгөн чаралар санариптештирүүнүн алкагында милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорду, зомбулук көсөтүүлөрдү жана башка жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузуусуна байланышкан мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү, ошондой эле тергөө амалдарын жүргүзүүдө мыйзамдуулукту жана ачыктыкты камсыздоого багытталган. Белгилеп кетсек, акыркы мезгилде жарандардын милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолор жана зордук-зомбулук аракеттери боюнча арыз-доолору кескин кыскарды.

2. ИИОнун ишмердүүлүгүнө учурдагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялары жакышртылып жана жаңылары киргизилүүүдө, ИИО тарабынан жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрүн мындан ары да санариптештирүү милдеттери аткарылууда. Ушул максатта, ИИО тарабынан жарандарга “Бирдиктүү терезе” тартибинде кызмат көрсөтүүлөр киргизилүүдө. Азыркы учурда “Бирдиктүү терезе” 2 республикалык маанидеги шаарларда, баардык облустук борборлорунда жана облустук маанидеги 12 шаарда иштөөдө.

Бул иш-чаралар ИИО менен жарандардын ортосундагы катташтарды азайтуу менен паракорчулук тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн ишке ашырылууда. Алсак, соттолгондугу тууралуу маалымкаттарды алууда оорчулукту жаратуу боюнча милиция кызматкерлерине арыз доолор жокко эсе, ошондой эле андай маалымкатты алуу үчүн акча берүү учурлар да жокко чыгарылды.

3. Ички иштер министрлиги тарабынан “Бузуулардын бирдиктүү реестри” иштелип чыгып, аны улам жакшыртуулар жүргүзүлүүдө, ал болсо бузууларды кароого жана протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына толугу менен ачык кирүүгө жол түзүлгөн. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги прокуратура органдары менен тыгыз байланышта “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин” жакшыртуу боюнча иш алып барышууда, жарандардын берилген арыз-доолорунун жүрүшүн “электрондук режимде” кандай чечимдер кабыл алынгандыгы тууралуу көрүү менен катар, тиешелүү органдар тарабынан кабыл алынган арыз доолорго аракеттенүү механизмдери ишке ашырылууда.

Бардыгыбыздын эсибизде, мурда райондук бөлүмдөрдүн нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери өзүлөрү чечим кабыл алчу, жарандардан арызды каттоо же четке кагуу, же болбосо жаап жашыруу. Ал эми, тергөөчү ишти козгоого же андан баш тартууга өз алдынча чечим кабыл алчу. Кээ бир тергөөчүлөргө, мындай иштер бөтөнчө бизнеске айланчу. Азыркы учурда, баардык арыз доолор маалыматтарды эсепке алуучу электрондук журналда катталып, андан кийин “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде” жана “Бузуулардын бирдиктүү ресстринде” жөнөтүлөт. Милиция кызматкерлери, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы коркунучунан ар бир кабыл алынган арыз доолорду каттоого милдеттүү. Башкы прокуратура он лайн режимде ар бир катталган арыз доонун жүрүшүнө жана кандай чечиим кабыл алышына көзөмөл жүргүзүшөт.

Жалпысынан жарандар арыз доолору кабыл алынбагандыгына жана четке кагылышына арыздануулары токтотулду, тергөөчү тарабынан кылмыш иши козголбой тургандыгына да арыздануу кыскарды.

4. Ички иштер министрлиги мамлекеттик органдар арасынан ведомстволор аралык ич ара аракеттенүүчү “Түндүк” тутумун өнүктүрүү боюнча активдүү катышуучусу болуп саналат. Бүгүнкү күндө, “издөө”, “багыттама”, “санариптештирүү” автоматташтырылган маалымат тутумдары жакшыртылды, ички иштер органдарынын практикалык ишмердүүлүгүндө автоматташтырылган маалымат тутумдарынын жаңы багыттарын издөө жана ишке киргизүү жүргүзүлүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтык тутумдар бардык мамлекеттик органдар арасында ич ара аракеттенүүнү жакшыртууга багытталган. Эгерде мамлекеттик органдардагы бюрократияны кыскартса, жарандар үчүн оң таасирин тийгизет. Бул болсо, мамлекетибиздин жарандарына ар кайсы мекемеге жүгүрүүгө кажети жок болууга алып келет, өлкө башчыбыз электрондук өкмөттүү түзүү менен мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү боюнча милдет койгон, ал өз учурунда жарандарды бир мекемеден экинчи мекемеге чуркоосун токтотту. 

5. Жарандар үчүн ыңгайлуулукту түзүүгө Бишкек шаардык ИИББнин Ыкчам чара көрүү борбору реформаланып, анын базасында Санариптештирилген командалык борбору түзүлдү. Жыйынтыгында, “102” тейлөөсү санариптештирилди, ал борбордо операторлордун саны 3 эсе жогорулатылды, жарандар менен милициянын ортосундагы байланыш жакшыртылды. Аталган борбордун операторлору спутникалык багыттама аркылуу кайгуул кезметтердин жайгашкандарын көзөмөлдөп, жарандардан жана жабырлануучулардан келип түшкөн чакырууларды кабыл алып, жакынкы кезметти жөнөтүшөт.

Борборубуздун тургундары шаардын ичинде коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздаган кайгуул милиция кезметтеринин саны жогорулагандыгын байкашты. Көпчүлүк жарандар, мурун 102ге чалып милицияны чакырганда бир сааттай чамада келишчү, азыркы учурда милиция кезметин чакырганда 7-10 минутаны гана түзөт деп белгилешүүдө.

Шаардын тургундары, өлкөдөгү өзгөчө кырдаал тартибинде коомдук коопсуздукту жана карантиндик иш-чараларды камсыздоо милиция кайгуул кызматынын кызматкерлерине жүктөлгөндүгүн байкашты.

Бүгүнкү күндө, кайгуул милиция кызматынын кызматкери, аймактык ыйгарым милиция өкүлү, төшкө тагуучу видео каттоо каражаттарын алып жүрүшөт, бул болсо ИИОнун жетекчилигине алардын ишин күнү-түнү көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай иш-чаралар жарандардын жана милиция кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого, мыйзамдардын чегинде өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарылышын көзөмөлдөөгө, жарандардын ишенимин артыруу максатында, алар менен сылык мамиле жасоону талап кылган нускамаларды так аткарылышын көзөмөлдөөгө багытталган.

Эгерде мурун жарандар милиция кызматкерлеринин кызматтык милдеттеринен аша чапкандарын уюлдук телефон аркылуу тартууга туура келсе, азыркы учурда аларга милиция кызматкеринин жетонунун номурун же видео каттоо каражатындагы номурун жаттап калуу гана жетиштүү, андан кийин өз арызында номурларды жана болжолдонгон датасын көрсөтүү гана зарыл. Бишкек ШИИББде жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында видео каттоо каражаттарындагы тасмаларды карооо боюнча атайын бөлүктөр түзүлгөн, алар анын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүп негиздүү жыйынтыктарды чыгарат.

6. 2019-жылы Ички иштер министрлиги Маалымат технологиялар мамлекеттик комитети менен биргеликте “Коопсуз шаар” долбоорун иштөөгө киргизишти.

Аппараттык-программалык комплекстерди орноткондон кийин Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында жол кырсыктары 65-70%га кыскартылды, ал эми камералар орнотулган жерлерде өлүм менен жыйынтыкталган жол кырсыктары катталган эмес. Бул долбоор, жарандардын өмүрүнүн коопсуздугуна коркунуч аварияларды алдын алууга маанилүү роль ойноду. Жалпысынан долбоор ага коюлган ишенимди актады. Мамлекетибиздин баардык жерлеринде камераларды орнотуу, жетишээрлик деңгээлде жол кырсыктарынын жана адамдырдын өлүмүнүн санын кыскартууга жардам берди.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун мамлекеттик органдарды санариптештирүү жолу менен мамлекетибизди өнүктүрүү айтылган багыты, анын ичинен Ички иштер министрлиги өз жемишин берүүдө. Бир жарым жыл ичинде көп жумуштар аткарылды, муну байкабай коюу мүмкүн эмес!

Ооба, мамлекеттик органдардын бардык чөйрөсүнө, анын ичинде ИИМде маалымат технологиялырын киргизүү боюнча көп көйгөй калууда, көбүнчө учурда каржылоо булактары жоктугунун жана кээ бир кезде мамлекеттик органдардын жетекчилери коюлган милдеттерди жана иш-мерчемдердин талаптарын жетишээрлик деңгээлде аткарбагандыгы. ИИМдин тутумунда “муз ээриди”, ички иштер органдарынын ишин санариптештирүү туура багытта кетип баратат, ушул темпти токтотпошу керек. Биздин өлкөбүздүн жогорку саясий жетекчилигибиз бул багыттагы башталган иштерди мындан ары улантуусу зарыл.

Ялкун Даутов,

 ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы