Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев коронавируска чалдыгып, сакайганы айтылган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттиги журналист Аскат Тейитке байланыштык.
— Саламатсызбы, Аскат мырза. Жаныш Бакиевдердин үй-бүлөсү менен коронавирус инфекциясына чалдыгып, сакайганы айтылды?
— Ооба, чын эле Жаныш Салиевич ооруду. 21-кылымда эч бир маалыматты жашыра албайсың.
— Жаныш Салиевич ооруну кандай көтөрдү? Абалы оор болгон жокпу?
— Абалы жакшы эле болду. Алар илдеттин эң коркунучтуу түрү менен эмес, жеңил түрү менен ооруп, сакайышты. Азыркы учурда ал жана анын үй-бүлөсү өздөрүн эң жакшы сезип жатышат.
— Жаныш Салиевичтин бир туугандары аталган ооруну жуктуруп алышкан боюнча социалдык тармактарда кеп болууда?
— Мен так маалымат берейин: азыр анын үй-бүлөсү жана Курманбек Салиевичтин ден соолугу жакшы. Жаныш Салиевич азыркы тапта өз үйүндө. Бакиевдердин башка ага-инилеринин эч кимиси COVID-19 илдетин жуктурган эмес.
— Маегиңизге рахмат.
Булак: NazarNews.org