«Кыргызстан» мамлекеттик авиакомпаниясы лизинг менен беш учак алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу жарандык авиация боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Курманбек Акышев парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, жакынкы аралыкта эки аэробус өлкөгө келет. «Мамлекеттик компания лизингге беш учак сатып алууну көздөп жатат, алардын экөө сатып алынды. Дагы бир авиакомпания, «Эйр Манас» акцияларын сатты. Эми алар беш-алты борт сатып алууну көздөп жатышат. Биз аларга ички жана чартердик рейстер үчүн дагы эки учак сатып алуу талабын койдук. Тактап айтканда, бүгүн бир каттам Оренбургга учат жана China Road кызматкерлерин алып келүү үчүн дагы үч каттам аткарылат. Жалпысынан Кыргызстанда 33 учак бар”, — деди Курманбек Акышев.