2020-жылдын 8-мартынан 9-мартка караган түнү 02:00 чамаларында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринин алдында, Сузак районунун 1991-ж.т. И.С. аттуу тургунун азиат улутундагы 20-25 жаштагы белгисиз кара түстөгү “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунааны башкарган атуул сөз талашып, уруп денесине залал келтирген.

Натыйжада И.С. денесинен алган жараатынан улам Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факты 2020-жылдын 9-март күнү Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ошол эле күнү И.С. денесинен алган жараатынан улам эсин жоготкон абалда жаткандыктан, КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси менен менен башталган жазык иши КРнын Жазык кодексинин 138-беренесине (Ден соолукка оор зыян келтирүү) өзгөртүлүп, кайрадан квалификацияланган. 2020-жылдын 10-март күнү ооруканда жаткан И.С. денесинен алган жараатынан улам эсин жоготкон абалда каза болгон. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш ишинин бетин ачуу максатында Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталган.

Ал Жалал-Абад шаарынын тургуну 1998-ж.т. Абдурайимов Шухратбек Бахадрович экендиги жана спорттун кикбоксинг, М-1 түрлөрү боюнча рингге чыгып жүргөндүгү такталган. Бирок аталган окуяга шектелген Абдурайимов Шухратбек Бахадрович жүргөн жерин жашырып качып жүргөндүктөн, 2020-жылдын 13-март күнү кармалган жеринен камакка алуу өтүнүчү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан канааттандырылган.

Аталган факты боюнча кылмышка шектүү Абдурайимов Шухратбек Бахадровичтин жүргөн жерин билгендер болсо же кандайдыр бир маалымат болуп калса төмөнкү дарекке билдирип коюуңуздарды суранабыз.

Анонимдүүлүккѳ кепилдик берилет.

Жалал-Абад ШИИБи Телефондор: (03722) 102; ‎(0555) 102-305; (0777) 59-59-59

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы