“Чыланы – чыла болбо деп талап кылуу мүмкүн эмес”

Азыркы кездеги байлардын, чоӊ кызматта иштегендердин, эл башкаргандардын, о.э. ар кандай иштери, чыгармалары ж.б. менен элге таанылып калгандардын КӨПЧҮЛҮГҮ өзүлөрүн “Элитабыз — Ак сөөкпүз!” деп эсептешип, тереӊ жаӊылып-адашып жатышат. Өзүлөрүн антип ойлоп-сезишкен адамдар Ак сөөктүктүн талаптарына жооп бере алышпайт.

Элдин байлыгын талап-тоноп алып уурулук менен байыгандарды, ар кандай жолдор менен чоӊ кызматка баргандарды, депутат болуп шайлангандарды, өлкө башкаргандарды, аскер кызматкерлерин, ички иштер бөлүмүндө иштеген чоӊдорду, ырчыларды ж.б. даражадагы адамдарды жапырт эле Ак сөөк деп эсептөөгө болбойт.

Ак сөөктүк маселесине келгенде, кыргыздарда илгертен эле адамдын кулк-мүнөзүнө, жүрүш-турушуна, сүйлөгөн сөзүнө, акыл-эсине, дүйнөгө болгон көз карашына карата сынга алышып, анын бийликтүү-бийликсизине, кызматтуу-кызматсызына, бай-кедейине карабай: “Бул Ак сөөк экен!” деп баа беришкен. Жакшы сапаттарды алып жүргөн Ак сөөк даражасындагы адамдар көптүн бири катары элден айырмаланбай жашап, бирок, кандайдыр бир кырдаал пайда болгондо өзүлөрүнүн сөздөрү, мамилелери, жасаган иштери аркылуу элди оӊ жолго салып, бир багытка буруп ҮЛГҮ көрсөтүшкөн. Муну алар өзүлөрүнүн эл алдындагы милдети катары эсептешкен жана сезишкен.

Илгери кыргыздарда ЧИРИГЕН БАЙЛАРДЫ “Ак сөөк” деп атамак турсун, аларды чоӊ Кеӊеш өткөрүлгөн жыйынга да катыштырган эмес. Алардын малын бийлер, эл башкаргандар керек учурда жасоол жиберип айдатып келишип, элдин кызыкчылыгына жумшап жиберишкен. Азыркы учурда жогорку кызматта иштегендердин дээрлик баардыгы өз бийлигин сактап калуу үчүн ар кандай сапаттагы иштерди жасап, ар кандай сөздөрдү сүйлөй беришкендиктен, жана байлыкты ар кандай жолдор менен тапкан байлардын жан дүйнөлөрү дүнүйө жыйноого гана ылайыкталгандыктан, булар Ак сөөктүк-Элиталык Даражага жооп бере алышпайт.

Элге үлгү болуп жашаган, көпчүлүк талдап, баа берип жактырып турган адам гана “Элита-Ак сөөк” деп аталат. Ак сөөк адам Жогорку Бийликте жолугушу мүмкүн, бирок, өтө сейрек кездешет.

Абдымамбет Сариев, “Көк асаба” гезити (2013-ж.)