Бүгүн Россиянын Оренбург шаарынан Бишкекке 164 кыргызстандык учуп келгенин Республикалык штабдан билдиришти.
Ага ылайык, мекендештер “Манас” эл аралык аба майданына Tez Jet авиакомпаниясынын Оренбург — Бишкек чартердик каттамы менен келди.
Бардык жарандардын обсервацияга жайгаштырылары айтылды.
Бүгүн ТИМ азыркы чартердик каттамдын артынан эле жарандарыбызды мекенине кайтаруу үчүн автобустардан колонна дагы уюштуруларын кабарлаган.
Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 17-апрелден тарта, тагыраагы, акыркы бир айдын ичинде жалпы 17 авиарейс менен 3 500 жаран өлкөгө алып келингенин билдирген.