АКШ бийлиги КЭР сунуштап жаткан 2 млрд. доллар боюнча нааразы экендигин айтып, илдеттин натыйжасында келип чыккан чыгашалар алда канча чоң экендигин жана Кытайдан бул үчүн 9 триллион доллар талап кыларын билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ кытай бийлиги демилге көтөрүп, коронавирустан өзгөчө жабыркаган өлкөлөрдүн экомикасына жардам берүү үчүн эки жыл аралыгында 2 млрд. доллар бөлөрүн айткан.

Бул боюнча АКШ мамлекеттик катчысы Марк Помпео: «Коронавирус илдетин жуктургандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча АКШ эң катуу жабыр тарткан өлкө болуп саналаарын жана Кытай сунуштап жаткан 2 млрд. доллар өлчөмүндөгү жардам америкалыктардын күлкүсүн гана келтирет. Компенсация 9 триллион доллардан кем болбоого тийиш»-деп эсептейт.