АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн абактан чыгып, коронавирус пандемиясына байланыштуу жазык мөөнөтүнүн калган бөлүгүн  үй камагында өткөрөт. Бул тууралуу WallStreetJournal гезити жазып чыккан.

Белгилей кетсек, буга чейин Коэн жаза мөөнөтүн өтүп жаткан Отсвилле түрмөсүндө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын бар экендиги тууралуу маалымат тараган.

Коэнге«Шайлоо кампаниясынын каржылоо жөнүндө мыйзамын бузган, ошондой эле Трамптын порноактриса Строми Дэнилс үчүн жүргүзүп келген төлөмдөрүн жашырып келген» деген айып коюлуп үч  жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, Коэн өзү салыктарды төлөөдөн баш тартып келгендигин моюнга алган.