Бишкек шаарынын мэриясына өзгөчө кырдаал режиминде муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын ишин уюштуруу боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Мындан улам калаа бийлиги билдирүү таратты.

Карантин болгондугуна байланыштуу, биздин кызматкерлер иштеген жок, базарлардын айланасында жайгашкан шаардык унаа токтотуучу жайлар  тейленбей, унаанын убактылуу токтогону үчүн акы алынбайт.

Кээ бир жагдайларга көңүл бурууңуздарды суранабыз:

Биринчиден, муниципалитеттин унаа токтотуучу жайы  экендигин билдирген жол белгилерине жана маалымат такталарына көңүл буруу керек.

Экинчиден, биздин операторлор «Бишкектин унаа коюучу жана токтотуучу жайлары» МИ деген белгиси бар атайын кызгылт чыптамаларды кийип, бейджик тагынып иштешет жана милдеттүү түрдө акы төлөө жөнүндө мөөр басылган талон беришет.

Расмий жана бирдиктүү тариф – 25 сом, убакыты чектөөсүз.

Эгерде Сиз алдамчылыкка күбө болсоңуз, сүрөт жана видеофактыларды төмөнкү номурларга жөнөтүңүздөр: 0550 760966, 547967.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыздар! Вирус бар, ал кооптуу.