Белгилүү стендап-комик Нурлан Сабуров эң ийгиликтүү жана профессионалдык коомчулукка таанылган 30 жашка чейинки россиялыктардын рейтингинен орун алган.

Бегилей кетсек, Нурлан Сабуров 1991-жылы Степногорск шаарында туулган. Бир жолу ал өзүнүн тамашалары тартылган роликти ТНТ телеканалына жөнөтүп жиберген. Москвалык продюсерлер анын юморуна жогорку баа беришип, «Ачык микрофон» юмористтик баттлга, андан соң  Stand Up комедиялык шоуга конок болуп кетүүгө чакырышкан. Мындан соң Нурландын карьерасы өтө тездик менен өскөн: Ал Москва шаарына көчүп барып, 2017-жылы россиялык жана казакстандык 20 шаарга тур менен чыгууга үлгүргөн.

Ал эми 2019-жылы ал Алексей Щербаков, Тамби Масаев, Рустам Рептилоид жана Артур Чапарян менен YouTube каналына «Андан ары эмне болду эле» деген комедиялык шоу жайгаштырышкан.

Мындан сырткары, ал Юрий Дудя жана Иван Урганттын телеберүүлөрүн башкы каарманы. Нурлан Сабуровдун гастролдук графиги 2020-жылдын аягына чейин түзүлгөн жана анын эл алдына чыгуусу 10 000 долларга бааланат.