Сингапурда Zoom тиркемеси аркылуу бир адам өлүм жазасына тартылды деп билдирет The Guardian. Малайзиянын Пунитан Женасан деген 37 жаштагы жараны, баңги затына байланыштуу кылмышы үчүн өлүм жазасына тартылды. Сингапурдун Жогорку Сотунун өкүлүнүн айтымында, бул өлкөдө өлүм жазасын аралыктан чыгарган биринчи учур. Пандемиядан улам, карантин мезгилинде, көптөгөн соттук отурумдар кийинкиге жылдырылды. Аталган өлкөдө карантин апрелдин башында башталып, 1-июнга чейин созулат. Бирок кээ бир маанилүү процесстер, аралыктан жүргүзүлөт деген сот өкүлү.