Бириккен Араб Эмирлигиндеги QuantLase Imaging Lab лабораториясы коронавирусту лазер менен өтө тез аныктай турган лазер технологиясын ойлоп тапты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, лазер вирусту канга жаңы эле жуккан учурдан тарта аныктай алат. Кызыгы, жабдуу бир гана киши эмес, массалык түрдө текшере алары, жыйынтыгы бир нече секунддун ичинде даяр болору айтылууда. Бирок лазер кантип иштээри жазылган эмес.

«Бул аппарат жакынкы айларда сатыкка чыгат. Жакшы жери анын баасы анча кымбат болбойт. Дагы бир артыкчылыгы  – аны медициналык мекемелерге гана эмес, кишилер массалык чогула турган көптөгөн жайларда да колдонсо болот», – деген лаборатория кызматкери Прамод Кумар. Адистин айтымында, жаңы ойлоп табылган каражат коронавирус менен күрөшүүдө адам баласына бир топ артыкчылыктарды бермекчи.