Сутка ичинде республика боюнча дагы 19 жаран коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Бишкек ш. – 8
Ош облусу — 5
Жалал-Абад облусу — 4
Баткен облусу — 2

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 929 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

20-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 43 учур катталды:
⚡ Бишкек ш. – 22+1 Санкт-Петербургдан келгендер
⚡ Ош ш. — 5
⚡ Чуй облусу — 1
⚡ Ош облусу — 4
⚡ Нарын облусу — 8
⚡ Баткен облусу — 2

Республика боюнча: 1313