Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коррупция боюнча соттолгон жарандарды, анын жакындарын, балдарын Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу укугунан ажыратууну сунуштай турганын айтып чыкты.

Бул тууралуу ал бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«2018-жылы коррупция менен шектелип сот жобуна тартылган, мамлекеттик мүлктү жеген экс-чиновниктин жакындары, балдары мамлекеттик кызматка алынбасын деген сунуш көтөргөм. Шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр кирет. Мен ошол мыйзамга сунуш катары мамлекеттик мүлккө кол салган, коррупция менен шектелип соттолгон жарандардарды, анын жакындарын, балдарын Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу укугунан ажыратуу сунушун киргизем. Тиешелүү комитеттерге кат жүзүндө жөнөттүм», — деди депутат.