Кыргызстанда доллардын расмий курсу болжол менен 1,5 ай ичинде 10 сомго төмөндөдү.

Улуттук банк 21-майга карата доллардын курсун 75 сом 69 тыйын деп аныктады. Буга чейин, 2016-жылдан бери туруктуу 69 сомдун тегерегинде кармалып келген Америка доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган, 3-апрелде расмий курсу эң жогорку чек 85 сомго жеткен.

Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган. Ал эми , 19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарган.