Кытайда вирус жуктургандар кайра аныкталууда

Акыркы сутка ичинде Кытайда 2 жаңы учур жана 31 коронавирусту алып жүрүүчүсү катталды. Бул тууралуу 21-майда КЭРдин Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Эки жаңы учурдун бири жергиликтүү жаран, экинчиси сырттан келген.

21-майга карата Кытайда коронавирустук инфекциянын жалпысынан 82,967 учуру катталган, алардын ичинен 4634 адам көз жумуп, 78 249 бейтап айыгып, 84ү медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.