Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда сүйлөп жатып билдирди:
“Эң жогорку мамлекеттик орган – парламентте иштеп жатканы үчүн өлкөдөгү бардык көйгөйлөргө өз жоопкерчилигин, күнөөмдү сезем. Демек, мен сиздерди өкмөттү кайсы бир чечимдерди кабыл алууга ынандыра албаптырмын”, -деди Масалиев.
Анын менен катар азыркы парламенттин сапатына өтө кейий тургандыгын айтты.
Исхак Масалиев 2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс” партиясы аркылуу парламентке депутат болуп келген. Коомчулукта бир катар таалуу маселелерди көтөрүп келгени маалым. Соцтармактарда депутаттын бул кадамын күтүүсүз кабыл алышканын билдирип жатышат.