Бишкектеги онкология жана гемотология улуттук борборунун балдар бөлүмүнөн коронавирус менен ооругандар аныкталды. Улуттук борбордогу 120 жаран текшерүүгө алынып, анын ичинен 14үнөн инфекция катталды.

Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 21-майда өткөн маалымат жыйында айтты.

«Жуктуруп алган бирөө дарыгер, экөө медайым, үчөө балдарын карап жаткан эне жана 8 бала. Учурда илдет аныкталган балдар үчүн оорукананын жайынан обсервация дайындалды. Ал эми медициналык кызматкерлер республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында дарыланат. Тиешелүү иш-чаралар аткарылды, бул окуя тыкыр көзөмөлгө алынды», — деди ал.