Бүгүн, 21-майда Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев онлайн брифингде коронавирустан каза болгондор кайрадан анализ алына турганын билдирди.

“Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, каза болгон жарандардын бардыгынан COVID-19 вирусуна тест кайталанып алынат. Адамды жерге берүү учурунда бардык коргонуу чаралары көрүлөт”, — деп белгиледи ал.

Ал кошумчалагандай учурда Мамлекеттик каттоо кызматында кызматкерлеринин арасында COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар жок экенин билдирди.

«21-майда брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев Нарында Мамлекеттик каттоо кызматынын 6 кызматкери коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Бирок бул маалымат Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнө тийиштүү»,-деди ал.