Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда депутат Ирина Карамушкинанын суроолоруна жооп берип жатып аны сиз өтө оор кылмышкерсиз деди.

“Сизге мен жооп бербей деле койсом болмок. Анткени сиз өтө оор кылмышкерсиз. Бирок ошентсе дагы айтайын. Убагында мыйзамдуу келип койсоңуздар ушул иш болбойт эле. Мына Кой-Таш окуясында бир кызматкер каза тапты. Мен мыйзамсыз ишке жол бербейм. Мен сизге жеке өзүм айтайын, сиздин кылмышыңыз аныкталган”-деди ал.