Бүгүн, 21-майда Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Талды-Суу айылында Памирлик кыргыздарга деген үйлөрдүн курулушун баштоо иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага республикалык бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүндү, 1.5 ГА аянтка 7 үй курулат. Андан соң облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев Памирлик кыргыздардан кабар алып, азык-түлүктөрдүн баштыктарын таратты. Боордоштор мамлекет башчысы менен өкмөткө ыраазычылык билдиришти Эскерте кетсек, 2019- жылы Ооган аймагынан 11 үй бүлө көчүрүлүп келинген.

Учурда алар Сары-Таш айыл аймагында мектептин имаратына жайгаштырылган. Тийиштүү тирилик техникасы, шарттар менен камсыз болгон. Өкмөт тарабынан дагы Памирден боордошторду көчүрүп келүү жана турак-жай менен камсыздоо планы коюлган.