Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Дастан Жумабеков депутаттык мандатын тапшырып кетип жаткан Исхак Масалиевди юбилейлик күнү менен куттуктап, кийинки иштерине ийгиликтерди каалады.

“Өзүңүз айткандай, кечиримдүү бололу, сизден кетсе биз, бизден кетсе сиз кечириңиз .Улуу орозо айында кечиримдүү болгон жакшы далалат. Депутаттардын атынан ыраазычылык билдирем”, — деди Жумабеков.

Эске салсак, буга чейин, өткөн сессияда сөз талашып, Жумабеков менен Масалиев кайым айтыша кеткен. Масалиев депутаттарды кетип кал деп айтканы үчүн төраганын дарегине бир топ депутаттар болуп сын айтылган болчу.