UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун Дагестандын Цумадинск районундагы Силди айылы толугу менен коронавирус инфекциясына байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу мушкердин агасы Абдурахман Абдурахманов билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

«Азырынча айыл тургундары буга чейин камдап алган азык-түлүгү менен күн өткөрүп жатышт. Бирок алар дагы түгөнө баштады», — деген Абдурахманов.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов анын айылында коронавирустан 11 адам каза болгонун жана коңшу айылда бир түндө инфекциядан 14 адам каза болуп, аларды көмө албай жатышканын айткан. Белгилүү болгондой спортчунун атасы инсульт алып, кийинчерээк коронавирус илдети аныкталып учурда өзүнө келе албай жатканы кабарланган.