Бишкекте 25-майдан тартып уруксат бериле турган ишкана-жайлардын тизмесине спорттук, тренажердук залдар, фитнес-клубдар жана бассейндер да киргизилди. Мындай чечим Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабда кабыл алынды.

Маалыматта “Милдеттүү шарт болуп санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо саналат. Имаратты дезинфекциялоо, администрация жана тейлөөчүлөр үчүн беткап, колкап тагынуу тартиби, ар бир кардар үчүн санитайзер, антисептик орнотуу жана санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде, шаймандардын ортосунда сызык белгилерин коюу керек” экени айтылды.

Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча (футбол, күрөш, бокс, баскетбол ж.б.) борборлорго уруксат азырынча жок.