Редакциябызга үй-бүлөлүк араздашуулар жана таарынычтар ошол эле учурда өз жашоосу тууралуу учкай баяндаган каттар келип турат. Бул жолу атын атагысы келбеген айым аялзатына өзүнүн кеп-кеңешин жазып калтырган. Катты өзгөртүүсүз беребиз.

-Мен айтканды арман эмес, балким кеңеш катары кабыл аласыздар деген ойдомун. Көпчүлүгү эле айымдар күйөөсү менен мамилеси жакшы болбой жатканын айтышат. Сиздерге менден кеңеш: тамактын түрүн жасаганды үйрөнүңүз, өзүңүздүн дене мүчөңүзгө кам көрүңүз. Тамакты азыр үйрөнүүнүн жолу көп Ютубдан эле ачсаңыз жардамга келет. Фитнеске барам дебей, телефонуңуздан «фитнес для женщин» деген тирекемени жүктөп ошону күндө эрте менен жасай бериңиз. Эмне кыйынчылыгы бар? Болгону интернетиңиз кетет, убактынызды алат. Эң башкысы үйдө болосуз. Өзүңүздүн сулуулугунузга кам көрүңүз! Күйөөңүз сиздей аялдан кеткиси да келбейт. Анан да, айтайын дегеним, сылык-сыпаа болгула, бирок чеги менен. Барктабаса, бой көтөрүп деле коюңуз (гордая). Куник кыз же аял бой көтөрүп, тоготмоксон болсо, сулуу жигит деле шашат, чуркап «шашпа, сениби» деп. Туура эмес айтасың деп жазышыңыздар мүмкүн.

Төшөккө келсек, ал жөнүндө деле сексологдордун туура кеңештерин окушубуз керек. Үй бүлө курган соң, күйө сиздики болгон соң. Уят деп эле чүмкөнүп албай. Өзүңүздүн кадыр-баркыңызды эч качан түшүрбөйбүз айымдар! Сиздер энесиздер, сиздерди эркектерибиз сыйлашы керек. Баары жайында, мүнөзүңүз сылык, анан да тилиңизди да узартпай, кичине кыскартып коюңуз, мына сизге жашоонун маңызы.

Айымдар өзүңүздөрдүн кемчилигиңиздерди 99% айта албайт экенсиздер. Жалаң гана кайын журт менен күйөөнү жамандагандар. Алардын сизге андай мамиле кылуусуна балким өзүңүздүн да тиешеңиз бар чыгар,«характериниз» бардыр! Өзүбүздүн үстүбүздөн иштегенди бир ойлонуп коюшубуз керек. Күйөөңүзгө кыйын деле болбоңуз, эгер жаман жолго барбасын десеңиз, сураныч, кичине болсо да өзүңүздүн ордуңуз кайсыл жерде экенин сездириниз.

Айтайын дегеним, анын «ойноштору» убактылуу. А сиз бейиштик жары болушуңуз керек да. Ойношторго жолобошуна же жолошуна өзүңүз да себепкер болгон жоксузбу ошону да эсепке алып коюнуз. Ал эми өзгөлөргө мамиле кылууга келсек, ар ким деңгээлине жараша сүйлөйт дегендей, сиз да ар кимдин деңгээлине карап, ошого жараша мамиле кылып коюнуз. Тагыраак айтканда, кайын журтуңузга, курбу-курдаштарыңызга. Ичинизде от күйүп, жалындап өрттөнүп атса да, сабыр сактаңыз. Кудай да сабрды ар кимге бербейт, сиз Сабрды Кудайдан сураныңыз. Мен айткым келет, жашоодо сиз кыйналып жаткан ар бир азап — бул эртенкинизге сабак!

Булак: kadam-media.kg