Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралды.

Жыйында баяндаманы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жасап, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында Башкы прокуратуранын отчётун депутаттар колдоп, 113 депутат «макул» деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Жамшитов: «Ар бир берилген суроолорду, сын-пикирлерди жазып отурдук, анализдейбиз. Отчётту колдоп бергениңиздерге ыраазычылык билдирем», — деди.