Милициянын ага сержанты Асанбек уулу Санжар атасынын жолун жолдоп ички иштер органдарында кызмат кылууну кыялданган Ички иштер органдарына арыз даттануулар жана башка билдирүүлөр менен кайрылган жарандар алгач нөөмөт бөлүгүнө кабылышат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирет.

Нөмөт кызматкерлери жарандардан түшкөн баардык кайрылуулардын кабыл алып, аларга тиешелүү чараларды көрүү үчүн ИИОнун башка кызматтарына көрсөтмөлөрдү берип, күнү-түнү телефон кабыл алышып, жарандарды кабыл алышат. Ошол эле нөөмөт бөлүгүнө караштуу имарат кайтаруу кызматкерлери көп жумуштарды аткарышаарын баары биле бербесе керек. Ички иштер органдарына ким болбосун алгач кирип баратканда эле Саламатсызбы, сиз кимге? деген суроо узатып отурган кызматкерлерге баары эле туш болгон чыгаар.

Мына ошол кызматты аткарган Асанбек уулу Санжар Чүй облусунун ИИББнын нөөмөт бөлүгүнүн имарат кайтаруу кызматында иштейт. Санжар кайрылган жарандардын баарына сылык мамиле жасап, алардын арыз муңун уккан соң тиешелүү кызматкерлер менен жолугуштуруп ар бир кайрылган жарандын жумушун бүтүргөнчө жаны жай албайт. Атасы ички иштер органдарында 10 жылдан ашык эмгектенип кеткенин айтып, өзү жашынан тарта атасынын жолун жолдоп укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү кыялданып жүргөнүн белгилеп, өзүнүн аракети менен максаттары орундалып, 7 жылдан бери ИИОдо кызма өтөп келет.

Санжар жашынан эле техникага жакын болуп, автоунаа оңдоону мыкты өздөштүргөн. Азыр да бош убактысында автоунааларды оңдоп, алмаштырчу тетиктерин алмаштырып машиненин жасалчу жерлеринин дээрлик баарына көзү жетип, бош убактысында автоунаа оңдоо менен алектенгенди жакшы көрөөрүн билдирет. Ал ар бир жумушту берилип, көңүл менен жасаганды жакшы көрөт. Ошондуктан кызмат учурунда өз жумушуна өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылат. Өзү үй-бүлөлүү жана бир баланын атасы.