Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 21-22 май күндөрү жаан-чачынга байланыштуу, суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүп, кар көчкүсү жана катуу шамал болуусу мүмкүн.

Маалыматта айтылгандай, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

Ошондой эле 22-26-май аралыгында Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетип, жаан жаап, сел жүрүүсү күтүлөт. ӨКМ жарандарга сак болууну эскертет.