«Сорос-Кыргызстан» фонду Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарын 5000 даана медициналык бет кап, 3000 даана кол кап жана 200 литр «Антисептикалык» жеке коргонуучу каражаттарынан жардам көрсөттү.

Бүгүн, 2020-жылдын 21-май күнү «Сорос-Кыргызстан» фондунун өкүлдөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарынан жардам катары тапшырышты, бул жардам башкармалыктын бардык кызматкерлерине таратылып берилет. Өз кезегинде, «СOVID-19» инфекциянын алдын алууда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ЖКККББнын кызматкерлери «Сорос-Кыргызстан» фондуна ыраазычылыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, «Сорос-Кыргызстан» Фонду (ФСК) – эл аралык өкмөттүк эмес жеке фонд — ачык коомду куруу үчүн Кыргыз Республикасында шарттарды түзүүгө, тагыраак айтканда 25 жылдан бери коомдук институттардын өнүгүүсүнө жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндөгү демилгелерге колдоо көрсөтүп келе жатат.

ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы