Коом

Масалиевдин тапшырган мандаты сатылып кетти дейби?

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев сөз сурап, трибунада өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясий жана экономикалык абал боюнча кайрылуу жасады. Кызыгы, беш жылдан бери депутаттык креслону ээлеп отуруп, анан парламент тараарга бир ай калганда, мандатын тапшырганы болду. Болгондо да, өзүнүн туулган күнүндө.

“Урматтуу кесиптештер, 25-майдан тарта өз каалоом менен мандатымды тапшыруу чечимин кабыл алдым. Себеби жөнөкөй эле. Жогорку мыйзам чыгаруу органында иштеп келген депутат катары мамлекетте жаралган көйгөйгөргө мен дагы толук жоопкерчиликтүүмүн. Элди оор акыбалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Мен дагы буга жоопкерчиликтүүмүн. Себеби мыйзам долбоору болобу, башка сунуштар болобу, аны өкмөткө жеткире албадым. Талап кылып, бирок ишке ашыра алган жокмун. Ошондуктан депутаттык мандатты 25-майда тапшыруу чечимине келдим», – деди Масалиев.

Айланайын, же ары эмес, же бери эмес кеткени эмнеси?! Бул кылыгы популизм болду. Мандаттын аркасы менен беш жыл майкандап, айлык жеп, иштеп атат болду. Ошондо мээсине мандат тапшыруу келбеген, эми эсине келгени таң калтырат. Раматылык Абсамат Масалиев таза, сөздүн тереңин талдап сүйлөгөн инсан эле. Бул кезде тирүү болгондо эмне демек? Мандаттын таттуусу бүтүп калганда эле ушундай билдирүү жасаш керек беле?! Мындай эрте эмес же эртең эмес болгон кыйшык жүрүшүнүн себеби өзү айткандан башка болушу да ыктымал. Буга коомчулук да баасын берип, тарых тастыктаса керек. Айрым көшөгө артындагы маалыматтарда Масалиев мандатын казино иштеткен досу Айдаровго сатып ийгендиги айтыла баштады.

Ай калганда Айдаров доско мандаттын зарылчылыгы канча деген да суроолор бар. Айтмакчы, Масалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алуу боюнча демилгелеп чыгып, бирок депутаттар бул демилге боюнча добуш берип, мурдагы өлкө башчысын кол тийбестиктен ажыратканда Масалиев кайра каршы добуш бергенин да эске салып коёлу. Кол тийбестиктен ажыратууга каршы добушту болгону үч депутат берген. Минтип, агымга каршы сүзүп жаткандай түр көрсөтүү Масалиевге жарашпай калды. Кыркына чыдаган жаны кырк бирине деле чыдап, эл менен бирге эле кетип калса болмок.

Эл өкүлү катары эмнени кыйратты дагы, эмнени чечти. Популисттик кылып, понт жасоо үчүн мандатты эми алып чаппай, жок дегенде депутаттар маңка атка конгондо катуураак кыйкырып, мандатын тапшырып, кетип калса, бали демекпис. Азыр окшошпой калды. Андан көрө мандатын саткандыгы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button