Япония – көп кырдуу мамлекет. Бул жерде ондогон кылымдардан бери келе жаткан салт-санаалар менен мурда болуп көрбөгөн техникалык прогресс үзөңгүлөш жүрөт. Албетте, Япониядагы жашоо биздин жашоо-тиричилигибизден кескин айырмаланат. Ал тургай, кээде адамга бул мамлекет башка бир коңшу дүйнөдө жайгашып калгандай таасир калтырат.

Акылдуу чокойлор

Япониядагы отельдердин бири келген  меймандарына өз чокойлорун сунуштай баштаган. Кызыгы бутуңдан  чечип алып таштаарың менен алар өз ордун көздөй жылып жөнөшөт. Мындай чокойлордун ар бири эки дөңгөлөк, кыймылдаткыч (мотору) жана сенсордук датчиктер менен жабдылган.

Метродо поезд күтүү учурундагы кезек

Японияда адамдар ар бир ачылуучу эшиктин тушуна кезекке тизилишет.

Ушундан улам Япониянын метролорунда тыгылып-сыгылып, жөөлөшүп кирип  жаткандарды дээрлик көрбөйсүң. Баса, метролордо аялдар менен кыздар үчүн атайын вагондор дагы бар. Кызуу убакытта аларга эч ким кыйшаңдап тийишпөө үчүн аталган вагондорду адатта эртең менен чиркешет. Негизи, бул — кыздарды сандан же башка жагынан чымчып алуу адаты бар япон эркектеринин көнүмүш адатын алдын алуу үчүн көрүлгөн чаралардын бири болуп саналат. Айтмакчы, бул адат япондордун өзүндө улуттук өзгөчөлүк катары бааланат.

Бир жолу пайдаланылуучу кол чатырлар

Японияда бир жолу пайдаланылуучу пластик кол чатырлар өтө популярдуу. Алар ушунчалык арзан болгондуктан, «унутуп калыпмын» же «сынып калды»деп кейибейсиң.  Бул жердеги аба-ырайынын шартына байланыштуу кол чатырлар көпкө чыдабайт. Адатта, жаан чакалап төккөндөн кийин метронун станцияларында пайдаланып бүткөн кол чатырлардын үйүлүп жаткандыгын көрүүгө болот.

Эмне буйуртма кылсаң, ошону аласын

Япониянын кафелеринде менюда чагылдырылган кайсы бир тамакка буйуртма кылсаң, дал ошол тамакты аларыңа толук ишене бер.

Коопсуздук

Мисалы, кайсы бир жерде эскалатор сынып калаары менен аны дароо тосмого алышып, эскертүү жана жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган табличканын илинип калганын, ошондой эле атайын кызматчы  келип туруп калганын көрүүгө болот. Адатта, кызматчы жөн гана суроолорго жооп берүү үчүн коюлат.

Жумуш учурунда уктап эс алуу

Көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу япондуктар жумуш учурунда жата калып 5-10 мүнөт куш уйку салып уктап алганды жактырышат. Бул адам катуу иштеп, чаарчап калды дегенди билдирет.

Япониядагы таштанды

Японияда  таштанды толугу менен кайра иштетилип тургандыктан таштанды салынуучу челектерди көрбөйсүң.

Таштандылар төмөнкүдөй болуп бөлүнөт:

  • айнек;
  • кайрадан иштетилүүчү таштандылар;
  • күйүүчү таштандылар;
  • күйбөй турган таштандылар.