Африкада пилдер массалык түрдө кырылып баштаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Түштүк Африкалык Ботсвана өлкөсүндө 12 пилдин өлүмү тууралуу иликтөө иштери башталды.

«Мал доктурлары алардын кырылуусуна браконьерлер себеп болушу мүмкүн деген вариантты четке кагышууда. Анткени өлгөн пилдерге эч кандай кол салуу болгон эмес», — деп айтылат маалыматта. Ал эми өлкөнүн туризм министрлигинин катчысы Одуц Кобото пилдердин сырдуу өлүмүнүн себеби башка болушу мүмкүн деген. Былтыр аталган өлкөдө 100 чакты пил кырылып калганы тууралуу маалымдалган. Маалыматка ылайык, дүйнө боюнча эң көп 135 миң пилдер Ботсванада кездешет.