Коом

Кытай берешендигинин артында эмне бар…

Дүйнөгө кытайлыктардын үстөмдүк кылуусу көпчүлүктү анча деле кубандырбайт. Бирок, АКШ дөөлөтүнүн альтернатива катары Кытай гегемониясына туруштук бере албай кыйрап бара жатышын танууга дагы болбойт.

АКШ Федералдык Өкмөтүнүн бардык күчүн Covid-19 илдетинин кыйраткыч кесепеттерин чектөөгө багыттоонун ордуна президент Дональд Трамптын администрациясы«Коронавирусту ооздуктап  калуусу керек болчу!» — деп Кытайга кине коюу менен  болгон энергиясын жана алтындай болгон убактысын текке кетирүүдө. Бүгүн саясий эксперттер жаңы кансыз согуш тууралуу айта башташты.

Кытай өкмөтү бүгүн дүйнө өлкөрлөрүн коронавируска каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон бардык материалдар жана продукциялар менен камсыздап, ал тургай, медициналык кызматкерлерден турган командаларды жабыркаган өлкөлөргө жөнөтүп жаткан чакта, Трамп европалык союздаштарына эскертип койбостон Европа менен болгон аба каттамын бир тараптуу жаап салган. Ошондой эле, Кытай менен кызматташ деп айыптап Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмун каржылоодон баш тартканына жооп катары Кытай Өкмөтү ДССУга 50 млн. АКШ долларын бөлүп бергенге үлгүргөн.

Албетте, кытай марттыгынын аркасында кандайдыр бир шарттар бар. Айталы, ошол эле ДССУ Кытайдын каарынан корккондуктан Тайваньдын вирус эпидемиясын жеңе билген ийгиликтери тууралуу укса-укмаксан, көрсө-көрмөксөн. АКШ Өкмөтү Кытайды каралоо боюнча кутум теориясын таратып жаткан маалда Евробиримдик Кытайдын тилин таап, ага кантип жагынуу тууралуу баш катырып жаткандыгы ойлондурбай койбойт.

Кытайдын каарына калбайлы деген чоочулоо бүгүн анын экономикалык кубатынын өсүп жаткандыгынан кабар берет. Эгерде батыш союздаштары менен башка кызыктар өлкөлөр (мисалы, Япония, Түштүк Корея, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү) бир муштумга түйүлгөндө бул тактика башкача нукта болмок же буга чейин дүйнө өлкөлөрү кандай гана маселе жаралбасын: «Сем аке эмне дейт?» — деп Американын оозун карап отурганы калппы? 

Албетте, бул жерде АКШнын азыркы администрациясынын дөөпөрөстүгү дагы чоң роль ойноп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button